Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Беларус элчилигинин жанында “Көргөзмө” нааразылык акциясы өтөт


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин жанына “Көргөзмө” аттуу нааразылык акциясын уюштурат. Саат 14:00дө башталчу акция тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады.

Ал үч жылдан бери Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы менен өткөргөн пикеттеринде пайдаланган жазууларды жана буюмдарды элчиликтин жанына тизип коймокчу.

Бакиевди кайтарып берүү талабы менен Өндүрүш Токтонасыров ар аптанын шейшемби күнү элчиликтин жанында ар кандай акцияларды уюштуруп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG