Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Бишкекте насвай сатууга тыюу салынышы мүмкүн


Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаада насвай сатууга тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыкты. "Республика" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороевдин мындай сунушун депутаттар колдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жээнчороев өзү билдирди.

Депутаттардын сунушу мэрияга жиберилди.

- Шаар жетекчилиги бир айдын ичинде токтом кабыл алып берсе, борбор калаада насвай сатууга тыюу салынат,- дейт депутат.

Насвай чегүү кыргызстандыктар арасында соңку жылдары кеңири тарап, түрдүү ооруларга себепкер болуп жатканын дарыгерлер айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG