Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 05:35

Борбор калаа Ноорузга камданууда


Бишкек мэриясы 21-март күнү Нооруз майрамын белгилөө үчүн 1 миллион 300 миң сомдой акча коротот. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева билдирди.

Анын айтымында, каражаттын 800 миңи майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, 499 миң сому жасалгалоо иштерине жумшалмакчы.

21-март күнү майрамдык салтанат "Ала-Тоо" борбордук аянтында саат 10:00дө башталат. Эс алуу бактарында, жаңы конуштарда да сейилдөөлөр уюштурулат. Саат 19:00дөн 21:00гө чейин аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланып, майрамдык кече фейерверк менен жыйынтыкталат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG