Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Кыргызстандык уйгурлардын алгачкы чоң концерти өтөт


Бишкектеги Спорт сарайында бүгүн кыргызстандык уйгурлардан куралган чыгармачыл топтун алгачкы чоң концерти болот. Аны “Иттипак” уюму уюштурууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда уйгурлар түзгөн концерттик топ болгон эмес. Маданий иш-чараларга коңшу өлкөлөрдөгү уйгур артисттер чакырылып келген.

Өткөн жылы уйгур коомчулугу жыйырмадай улан-кызды Кытайга атайын окууга жиберген. Ал жактан музыкалык билим алып келген жаштар бүгүн алгачкы концертин тартуулап атат.

Кыргызстанда расмий эсепте 60 миңдей уйгур бар. (SE)

XS
SM
MD
LG