Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

“Ата Мекен” фракциясы коалициядан чыгуу маселесин карап жатат


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгуу маселесин ушул тапта жабык талкуулап жатат. Жыйынга депутаттардан сырткары, партиянын өкмөттөгү өкүлдөрү Алманбет Шыкмаматов, Жоомарт Оторбаев жана Кудайберген Базарбаев да катышууда.

Фракция бүгүн коалициядан чыгуу боюнча чечим кабыл алышы тууралуу маалымат буга чейин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары тарабынан кабарланган болчу.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалицияда КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары бар. (SE\BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG