Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү кайра жанданды


Венада бүгүн кайра жанданган сүйлөшүүлөр Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча узак мөөнөттүү чечим табууну максат кылат.

Сүйлөшүүлөрдүн кайра жандануусу Иран өзөктүк жайларынын бирине чет элдик чалгын кызматтарынын бири саботаж жасоого аракеттенип жатканын айтып чыккан учурга туш келди.

Ирандын Атомдук энергия мекемесинин жетекчилеринин бири Аскар Зареан бул иш боюнча кайсы бир конкреттүү өлкөнү атаган жок, бирок оор сууда иштөөчү Арак өзөктүк реакторуна алынып келинген импорттук насостор фальсификацияланганын билдирди.

Курулушу аяктаганда Арак реактору өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү материал - плутоний өндүрүүгө жарамдуу болот.

Иран буга чейин өзөктүк прогрммасын бузууга багытталган жашыруун операцияларды жүргүзгөнү үчүн АКШ менен Израилди айыптаган.

Иран менен Венадагы сүйлөшүүлөргө дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германиянын өкүлдөрү катышууда. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG