Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

“Ата Мекен” фракциясы коалициядан чыкты


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыкты. Фракция депутаттары бүгүн парламентте жыйынга чогулуп, ушундай чечим кабыл алышты. Алар Кумтөр маселесине жана Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине байланыштуу азыркы өкмөттүн иштөөгө моралдык акысы жок деген жүйөөдөн улам ушундай кадамга барышканын билдиришти.

Жыйынга депутаттардан сырткары, партиянын өкмөттөгү өкүлдөрү Алманбет Шыкмаматов, Жоомарт Оторбаев жана Кудайберген Базарбаев да катышты.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалициянын курамын КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партиялары түзчү. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG