Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

АКШ вице-президенти Орусиянын Крымды аннексиялоосун айыптады


Жо Байден бүгүн Польша борбору - Варшавадагы басма сөз жыйынында белгилегендей, Орусиянын Крымды аннексиялоосу “жер басып алгандык”. АКШ вице-президенти эгер Орусия бул багытта кыймылын уланта берсе, анын эл аралык коомчулуктан изоляциялануусу күчөөрүн, Москва АКШ менен Еврошаркеттин жаңы санкцияларына тушугаарын кошумчалады.

Ал Польшадагы сапарынын максатын мындайча чечмеледи:

- Мени бул жерге Украинанын дээрлик ишенүүгө болбой турган окуялары алып келди. Президент Обама мени Варшавга Кошмо Штаттардын жана НАТОнун милдеттемелерин салтанаттуу түрдө ырастап, Польшанын лидерлери менен Украинадагы кырдаал боюнча консультация өткөрүү үчүн баруумду суранды.

Байдендин айтымында, ал Варшавадагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын 2018-жылга карата Польшада ракетадан коргонуу системасын түзүү мүдөөсүн ырастады.

Орусиянын Крымды аннексиялоосун эл аралык коомчулук тааныбасын АКШ вице-президенти менен Варшавада чогуу басма сөз жыйынын өткөргөн Польша премьери Дональд Туск да белгиледи.

XS
SM
MD
LG