Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

“Республика” фракциясы коалицияга кирүүгө даяр


Бул тууралуу фракциянын лидерлеринин бири Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, “Республика” фракциясында коалиция куроо жана өкмөттү жетектөө боюнча тажрыйба бар. Ошондуктан алар өз талапкерин өкмөт башчылыкка сунуштоого даяр. Дыйканбаевдин пикиринде, азыркы кезде кеңири коалиция түзүү максатка ылайыктуу:

- Туруктуу коалиция болуш үчүн үч эмес, балким, төрт фракция кирет. Албетте, ар бир фракция киргенге даяр. Ошонун ичинен биз дагы коалицияны түзгөнгө даярбыз.

Мыйзамга ылайык, президент коалиция ыдыраганы боюнча кайрылууну алгандан кийин үч күндүн ичинде кайсы бир фракцияга көпчүлүк коалиция куроону тапшырат. Ал фракция 15 күндүн ичинде коалиция курап, өкмөт башчылыкка талапкерин көрсөтүүгө тийиш. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG