Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Коалиция бузулганы боюнча чечим президентке тапшырылат


“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге коалиция бузулганы боюнча чечим тапшырылат. “Ата Мекен” фракциясы “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынан чыгуу чечимин шейшемби күнү кабыл алды. Фракция өз чечимин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөр менен байланыштырган. Коалициянын ыдырашы менен Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт кызматтан кетет. Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Ата Мекендин” чечимин саясатка байланыштырып, андан өлкө экономикасы зыянга учурайт деген пикирин билдирди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG