Облустун "Эркиндик" аянтында Ноорузга байланыштуу театрлаштырылган оюн-зоок менен атайын концерттен турган эки сааттык программа даярдалууда. Оюн-зооктун көнүгүүсүнө шаардагы окуу жайлардын 350 студенти катышып жатат. Аларды шаардык Маданият үйүнүн режиссеру менен облустук Барпы атындагы театрдын артисттери машыктырууда. Майрамды өткөрүүгө шаардык казынадан 103 миң сом бөлүндү. (YA)