Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Израил Сириянын Голандагы аскер жайына абадан сокку урду


Израил Сирия аймагындагы бир нече аскердик жайга абадан сокку урду. Израилдин аскердик мекемесинин билдиргенине караганда, бул сириялыктардын Израил оккупациялап алган Голан дөңсөөсүндөгү соңку жасагандарына "жооп" болду. Шейшембиде ал жактагы жардыруулардан төрт аскер жараат алган болчу.

Бүгүн Израилдин абадан жасалган соккусуна штабдык объект, машыгуу лагери жана артиллериялык позициялар туш болду.

Ички согуштук чыр-чатактан чыга албай келаткан Сирия тараптан Голан дөңсөөсүндө жасалып жаткан зомбулук буга чейин да бир нече жолу Израилдин жооп кайтарууларын шарттаган.

Голандын көпчүлүк бөлүгүн Израил 1967-жылкы Алты күндүк согушта басып алган. (RK)

XS
SM
MD
LG