Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Кадамжайда нааразылыкка чыккандар тарап кетти


Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккан Майдан айылынын тургундары тарап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров билдирди.

Австралиялык "Z-Explorer" компаниясы ишин токтотту деген чечимди Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик өкүлдөрү келип, айыл элине түшүндүргөн соң чогулган эл тарады.

Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Explorer” компаниясына каршы акциялар Кадамжайда өткөн жылдан бери уланып келатат.

Аталган компания дүйшөмбүдө кендеги ишти убактылуу токтото туруу чечимин кабыл алган. (JsA)

XS
SM
MD
LG