Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Малайзия: Жоголгон учак пилотунун тренажерунан маалымат өчүрүлгөн


Малайзиянын бийликтери 8-мартта жоголуп кеткен учактын пилотунун тренажерунан ал өзү өткөн машыгуулардагы бүт маалымат өчүрүлгөнүн айтышты. Учкучтун машыгуу үчүн колдонулчу тренажеру анын үйүнөн алынды жана азыр, Транспорт министри Хишамуддин Хусейндин айтымында, эксперттер өчүрүлгөн маалыматты кайра калыбына келтиргенге аракет кылып жатат.

Бортундагы 239 адам менен кошо жоголуп кеткен учакты издөө 12 күндөн бери уланууда, бирок жыйынтык бере элек. Ал арада Таиланддын аскерий жетекчилиги жоголгон учак менен байланыш өчүрүлгөндөн көп өтпөй алардын радары Малакка кысыгы аркылуу белгисиз самолет учуп өткөнүн көрсөткөнүн айтты. Учакты издөөгө азыр 25 мамлекет тартылган, анын аймагы 7 млн квадрат чакырымга кеңейтилди.

XS
SM
MD
LG