Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Украина КМШны жетектөөдөн баш тартты


Украинанын жаңы жетекчилиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) бир жылдык башкаруу озуйпасынан баш тартканын билдирди. Жумурияттын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Евгений Перебейнос азыр расмий Киев бул шериктештиктен такыр эле чыгууну да карап жатканын айтты.

Анын айтымында, КМШ өзүнүн негизги милдеттерин аткарбай эле, андагы “айрым мамлекеттердин, тагыраак айтканда Орусиянын кызыкчылыгын коргоонун гана куралына айланды”. Перебейнос “мүчөлөрдүн көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого негизделген КМШнын башкы принциби ушул аптада Крымдын Орусияга аннексияланышынан кийин күмөн жарата баштады” деди.

Советтер союзу кулагандан кийин КМШны түзүүгө Орусия жана Беларус менен биргеликте Украина башкы сүрөөнчүлөрдөн болгон. Ошол эле маалда, Украина КМШ хартиясын эч качан ратификациялаган эмес.

XS
SM
MD
LG