Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Бишкекте атышууга катышкандар изделүүдө


Борбор калаанын Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн катталган атышууга катышкандар изделүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, таңкы саат 7 чамасында аталган даректен бир канча жолу ок тийген “Ниссан” үлгүсүндөгү унаа жана октор табылган. Машиненин дөңгөлөгүндө кан издери болгон.

Октор Калашников автоматынан жана Макаров тапанчасынан атылганы аныкталды.

Милиция машиненин ээсин тапты. Бирок ал эки жума мурда унааны бирөөлөргө сатканын айтууда. Иликтөө уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG