Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Ошто Орусияга кетип жаткандар үчүн борбор ачылды


Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Ош шаарындагы аэропортто миграциялык борбор ачты. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты. 17-мартта иштей баштаган борбордон Орусияга кирүү укугунан ажыраган жарандар тууралуу маалымат алса болот. Ар бир жаран өзү жөнүндө маалыматты ал жерден бекер ала алат.

Орусия өзүнүн миграциялык мыйзамдарын бузган жарандарды атайын "кара тизмеге" киргизип койгон. Анда кыргызстандыктар да бар.

Соңку жарым жылда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине "кара тизме" боюнча маалымат алуу үчүн кайрылган 14 миң жарандын 16% Орусияга кире албай турганы белгилүү болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG