Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Текебаев: "Ата Мекен" оппозицияда калышы да мүмкүн


"Ата Мекен" фракциясы жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин парламенттеги оппозицияда калышы да ыктымал. Мындай пикирин бүгүн "атамекенчилердин" лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин фракциялардын башчылары менен жолугуусунан кийин билдирди. Текебаев ошондой эле коалицияны куроо укугу социал-демократтарга берилгени туура чечим болгонун, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай чыгарын азырынча жоромолдоо эрте экенин айтты.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги беш фракциянын башчыларын кабыл алып, жаңы коалиция түзүү боюнча мандатты КСДП лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырды. 2012-жылдын күзүндө түзүлгөн коалициянын курамына "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-Намыс" кирген болчу. "Атамекенчилердин" андан чыгуусуна байланыштуу коалиция 18-мартта тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG