Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

УОК өкмөттүн отставкасы үчүн бийликти айыптоодо


"Улуттук оппозициялык кыймыл" уюму өкмөттүн отставкасы үчүн президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди айыптоодо. Аталган кыймыл бүгүн билдирүү таратып, өкмөттү кетирүү "жашыруун түрдө" уюштурулганын айтып чыкты.

- Анткени коррупцияга шектелип жаткан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин иш-аракетине Жогорку Кеңеш тарабынан саясый баа берилбей, аны отставкага кетирүү аркылуу алар “жабылуу аякты кайрадан жаап коюшту”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле УОК жаңы өкмөттү куроодо "демократиялык принциптердин бекем сакталышын, ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүн жана жалпы коомчулуктун ой-пикирин эске алууну" талап кылды.

Президент Атамбаев Сатыбалдиев жетектеген өкмөттү аны түзгөн парламенттик коалиция ыдыраганына байланыштуу жана Конституция, "Өкмөт жөнүндө" мыйзамдын негизинде отставкага кетиргенин кечээ мамлекет башчынын маалымат кызматы расмий кабарлаган.

Бир ай мурда Жантөрө Сатыбалдиевдин мурда Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясындагы ишмердүүлүгү боюнча парламентте кызуу талкуу жүрүп, кескин сын айтылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG