Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Карыпбеков: "Манас" боюнча меморандумда милдеттенме жок


"Манас" аба майданынын акцияларынын 51% боюнча орус тарап менен түзүлгөн меморандумда эч кандай юридикалык милдеттенме жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган ишкананын аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди. Ал ошондой эле "бул сыяктуу меморандумдар башка өлкөлөрдүн компаниялары менен да түзүлгөн, себеби азыр аэропорт Транзиттик жүк ташуу борбору кеткенден кийинкиге инвестор издөөдө" деп билдирди.

Карыпбеков бул меморандумду "кызматташууга сунуш" деп баалап, мындай меморандум ошол эле Орусиянын башка компаниялары, Кытайдын 3 фирмасы жана бир нече эл аралык ишканалар менен да түзүлгөнүн кошумчалады.

Бүгүн Өкмөт үйүнүн жанында жарандык коомдун ондой өкүлү нааразылык акциясына чыгып, “Манас” аба майданынын 51% акциясын орус тарапка сатуу боюнча меморандумга каршылыгын билдирген болчу.

Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга феврал айында кол койгон. (RK\ZB)

XS
SM
MD
LG