Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Бин Ладендин күйөө баласы кайнатасына каршы көрсөтмө берди


Усама бин Ладендин күйөө баласынын билдиришинче, “Аль-Каиданын” ана башы 2001-жылы 11-сентябрда АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдарды ал уюштурганын ошол күнү Ооганстанда үңкүрдө отуруп айткан. Бул жөнүндө 48 жаштагы Сулайман Абу Гейт 19-мартта Нью-Йорк сотунда айтты. Абу Гейт Усама бин Ладендин кызы Фатимага үйлөнгөн. Гейттин айтымында, бин Ладен андан 3 миңдей адамдын өмүрүн алган чабуулга АКШ кандай жооп кайтарат деп сураганда, ал кайнатасына "америкалыктар сени тыйпыл кылып, талиптерди бийликтен кулатмайынча тынчыбайт" деп жооп берген. Абу Гейт Нью-Йорктогу сотто “Аль-Каиданын” басма сөз өкүлү катары суралууда. Сот айыпталуучунун акыркы аргументтерин 24-мартта угат.

XS
SM
MD
LG