Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Швейцария Кыргызстанда адам укугу корголушуна көмөктөшөт


Швейцария адам укуктарын коргоо боюнча Кыргызстанга көмөктөшүүнү улантат. Бул тууралуу бүгүн аталган өлкөнүн Бишкектеги элчиси Рене Холенштайн омбудсмен Бакыт Аманбаев менен элчиликте жолугушкан учурда айтты.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда негизинен Кыргызстандагы карапайым жарандардын укуктарын коргоо тууралуу сөз болду.

Швейцария Кыргызстандагы адам укуктарын коргоочу уюмдар менен активдүү кызматташып келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG