Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Жалал-Абад: "Хизбутчу" деп шектелген эки аялдын иши сотко өткөнү калды


"Хизб-ут Тахрир" партиясынын мүчөсү деп шектелген Таш-Көмүр шаары менен Аксы районунан быйыл кармалган эки аялга карата козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп калды. Алар диний кастыкты козуткан деп айыпталып жатканын "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармасынын 9-бөлүмүнөн билдиришти. Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун Жалал-Абад облусунда милицияда катталган колдоочулары 515 адам. Алардын 51и аялдар, калган 464ү эркектер, 148и кыргыз, 367си өзбек улутундагылар. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG