Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Багдаддагы бомба чабуулу 46 адамдын өмүрүн алды


Багдаддагы кафелердин биринде кечээ түнү жанкечти бомба жардырып, кеминде 12 адам өлдү, 38 адам жарадар болду. Бомба жардырылган кезде кафеге чогулган ышкыбоздор телевизордон футбол көрүп жатышкан. Күбөлөрдүн айтымында, жанкечти белине байланган бомбаны жардыргандан мурда кафедеги адамдар менен жайма-жай сүйлөшүп отурган.

Муну менен 19-мартта Ирактын ар кайсы бөлүгүндө болгон бомба чабуулдарында өлгөндөрдүн саны 46га жетти. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да уюм өзүнө ала элек. Бирок буга чейинки берегидей бомба чабуулдары үчүн “ал-Каиданын” желдеттери айыпталган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG