Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Казакстандын Крым боюнча позициясы Украинага жакпады


Украинанын тышкы иштер министрлиги Казакстандын элчисинен эмне үчүн Орусиянын Крымды аннексиялап алуусун Казак өкмөтү сөз жүзүндө колдогонун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, министрдин орун басары Наталия Галибаренко 19-мартта Казакстандын Киевдеги элчиси Зоотбек Турусбековду чакырып, Крымды Орусиянын басып алуусун казак жетекчилигинин “түшүнүктүү кадам” деп сыпаттаганы жана жекшемби күнкү Крымды Орусияга бөлүп кетүү боюнча болгон референдумду “элдин өз каалоосун эркин билдирүүсү” деп баалаганы украин бийликтерин тынчсыздантканын айткан.

Галибаренко берегидей билдирүү казак жетекчилигинин Украинанын бүтүндүгүн урматтоо тууралуу сөздөрүнө каршы келерине көңүл бурган. Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржан Айтмаканов: “Биздин позициябыз министрликтин сайтында жарыялаган. Кошумча эч нерсе айта албайм,”- деп жооп берген “Азаттык” радиосунун казак кызматына суроосуна.

XS
SM
MD
LG