Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кыргызстандын ТИМи Украина боюнча билдирүү таратты


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-мартта Украина жана Крым кырдаалы боюнча билдирүү таркатты.
Анда министрлик Украина жана Крымдагы окуяларга көз салып турганы айтылып, кырдаалдын курчушуна тынчсыздануу билдирилген. Билдирүүдө бул окуяларга Украинанын мурунку бийлигинин коррупцияланышы алып келди деп да белгиленген. Ошол эле учурда Крымда 16-мартта өткөрүлгөн референдум регион калкынын көпчүлүгүнүн эрки жана реалдуулук деп бааланган.
"Бүгүнкү күндө, өлкөнүн тагдырын ушундай катаал кырдаалда өз колуна алган саясатчылардын жоопкерчилиги өтө жогору. Кандай гана демилгелер жана иш-аракеттер болбосун, бардыгы Украинадагы жана жалпы эле аймактагы туруксуз тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого багытталып, ал эми күч ыкмалары менен карама-каршылыкка жол берилбөөгө тийиш."
Министрлик бардык тараптарды "салкын кандуулукка" чакырып, маселелерди БУУнун Уставынын алкагында тынчтык суйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүнү жактаарын билдирген.
Украина бийликтери Крымдагы референдумду мыйзамсыз деп эсептөөдө. Ал эми расмий Кремль Крымды кайрадан Орусиянын аймагынын бөлүгү катары кабыл алганын маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG