Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Европа Биримдиги Орусияга кошумча санкциялар киргизди


Москва тарабынан Крымдын аннексияланышына байланыштуу Европа Биримдиги Орусиянын дагы 12 жаранына санкция киргизди. Алардын ысымдары бүгүн жарыяланат. Франция президенти Франсуа Олланддын сөзүнө караганда, 21-мартта Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн президент жана өкмөт башчылары Украинадагы кризисти талкуулайт. Биримдиктин президенти Херман ван Ромпей санкциянын кеңейтилгенин айтты:

- Орусия тараптан кырдаалды жөнгөрүү аракети байкалбагандыктан, Европа кеңеши санкциянын тизмесин кеңейтүүнү чечти. Санкция киргизилген 21 кишинин катарына дагы 12 киши кошулду. Биз ошондой эле Европа Биримдиги менен Орусиянын ортосунда такай өткөрүлүп туруучу саммитти да токтоттук.

Херман ван Ромпей санкциялар Орусиянын инвестициялык климатына терс таасирин тийгизе баштаганын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG