Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Орус элчиси Крым боюнча кыргыз саясатчылары менен жолукканын айтты


Бишкектеги орус элчиси Крым маселесинде Кыргызстандагы айрым саясый партиялар менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу элчи Андрей Крутько бүгүн журналисттер менен жолугушкан учурда айтты. Аннексияланган Крым аймагынын легитимдүүлүгүн таануу жаатында кайсы партиялар менен сүйлөшүү болгонун Крутько ачык айткан жок.

20-мартта Кыргызстандагы оппозициялык “Ата-Журт” партиясы Крым боюнча Орусиянын позициясын колдоп, "Украинада куралдуу төңкөрүш болду жана бийликке радикалдуу күчтөр" келди деп баалаган.

Орус элчиси Украинанын азыркы бийлигин тааныбай турганын, Крымдын Орусияга кошулуу чечими туура деп эсептерин билдирүү максатында бүгүн маалымат жыйын курду.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Крымдын Орусияга өтүшүн мыйзамсыз деп атап, Орусияга карата бир катар санкция киргизди. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG