Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз салтанаты өтүүдө


Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында белгиленген Нооруз майрамынын оюн-зооктору жума күнү түшкү саат 12:00дө башталды.

Анын расмий бөлүгүнө кыргыз бийлигинин башындагылар (Президент Алмазбек Атамбаев, парламент спикери Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев) катышкан жок.

Мамлекет башчынын куттуктоосун президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев эл алдына чыгып окуду. Өкмөттүн атынан аппарат башчы Нурканбек Момуналиев барды. Салтанатка шаар мэри Кубанычбек Кулматов да катышты.

Кечки саат 7ден 9га чейин аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланып, майрамдык кече фейерверк менен жыйынтыкталмакчы.

Бишкек мэриясы майрамды белгилөө үчүн 1 миллион 300 миң сомдой акча бөлгөнүн “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кыргызстандын борбор шаарынын башка коомдук жайларында, облус борборлорунда, өлкөдөгү бардык шаарларда жана айыл-кыштактарда да "Улустун улуу күнүнө" арналган маданий иш-чаралар өтүүдө. (MiT\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG