Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Украинада Айтматовго арналган акция өтүүдө


Украинанын Херсон шаарында белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган акция өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен кабарлашты. Херсон облустук китепканасында "Айтматов дүйнөсү" фотокөргөзмөсү уюштурулуп, шаардагы мектеп окуучулары менен студенттердин арасында "Кыргызстан 1 мүнөт ичинде" деген аталыштагы видеопрезентация сынагы жарыяланды. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү да өтүп жатат. Ошондой эле мектеп окуучулар арасында мыкты эссе сынагы өтүүдө.

3-апрелде иш-чара жыйынтыкталып, элчи Улукбек Чыналиев мыктыларга сыйлык тапшырат.

Улуу жазуучу тирүү болгондо былтыр декабрда 85ке чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG