Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Кыргызстанда эхинококкоз күч алууда


Кыргызстанда эхинококкоз оорусу күч алууда. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты. Былтыр 1050 киши бул ооруга чалдыккан. Мурдагы жылга салыштырганда бул көрсөткүч 120 кишиге көп. Мындай тенденция соңку 5 жылда кескин өсүүдө.

Былтыр жеке ветеринарлар 1,5 миллион ит-мышыкка атайын дары берип, эхинококкоз оорусунун жайылышына каршы эмдөө жүргүзгөн. Бирок бул жалпы ит-мышыктардын 45 гана пайызын түзөт. Адамга ит же мышык аркылуу жукчу бул оору негизинен боор менен өпкөнү жабыркатып, майып кылып коюшу ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG