Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Украина Евробиримдик менен келишимге кол койду


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Евробиримдик менен ассоциациялык келишимдин саясый аспекттерин камтыган документке Брюсселде кол койду. Европа жетекчилеринин саммитинде болгон кол коюу аземи Орусиянын каршылыгына карабай Киевди 28 өлкө кирген Биримдикке жакындатат. Европа Комиссиясынын президенти Жозе Мануэль Баррозо Биримдиктин Украина менен кол коюу ниетин бүгүн таңга маал билдирген. Баррозо бул келишим "Украина менен Европа Биримдигин жакындатып, саясый өнөктөштүктү болоттой ширетет" деди. Бул тууралуу Еврокомиссия президенти 12 орус жана украин жетекчилеринин Еврошаркеттеги мүлкүн камакка алуу жана Европага кирүү укугун чектөө чечими кабыл алынгандан кийин билдирди. Санкцияга кабылган адамдардын ысымы бүгүн кечке жуук жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG