Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Орусия Крымды өз аймагы деп толук тааныды


Орусия парламентинин жогорку палатасы – Федерация Кеңеши Крымды Орусиянын аймагы катары тааныган келишимди жактырды.

Ал ортодо Украинанын премьер-министри Брюсселде Европа Биримдиги менен саясый кызматташуу келишимине кол койду.

Федерация Кеңешинин келишимди жактырган добушу Крымды Орусияга кайра бириктирүү жараянын аягына чыгарды. Батыш өкмөттөрү Крымдын аннексияланышын "эл аралык мыйзамдарды бузуу" деп баалап, АКШ жана Евробиримдик Москвага каршы бир катар чектөөлөрдү кабыл алды.

Европа Биримдиги эгер Орусия Украинадагы кырдаалды мындан ары дагы курчута берсе, анда Кремлге каршы кошумча санкция кабыл алынат деп эскертти.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк Брюсселде Европа Биримдиги менен Украинанын ассоциация келишиминин саясый аспекттерин камтыган документке кол койду.

Кызматтан четтетилген украин президенти Виктор Янукович былтыр ноябрда аталган келишимге кол коюудан баш тартканы учурдагы саясий кризиске тамызгы болуп берген.

XS
SM
MD
LG