Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Жоголгон учакты издөө аймагы кеңейтилди


Австралиялык учактар жоголгон малайзиялык учактын эки калдыгы болушу мүмкүн деп жатышкан Инди океанынан издөөнү улантууда. Спутник океанда эки нерсени байкагандан кийин "Малайзия аба жолдорунун" дайынсыз авиалайнерин табууга жаңы үмүт берди. Издөө аймагы Австралиянын батыш жээгинен 2300 чакырым алыстагы аталган мухиттин аймагын камтыйт. Алдын ала издөө иштери бейшембиде туман жана жамгырга байланыштуу жүргүзүлгөн жок. Калкып жүргөн нерселердин чоңунун узундугу 24 метр экен. Издөөгө чыккан кемелер, анын ичинде Норвегиянын жүк ташуучусу да тартылганы менен эч нерсе тапкан жок.

Австралиянын Деңиз коопсуздугу башкармалыгы бир коммерциялык жана бир аскер кемеси издөө аймагына сапар тартканын кабарлады. Аны менен бирге жети кытайлык кеме жолго чыгууга камданууда. Малайзиялык Боинг-777 Куала-Лумпурдан Бээжинге 8-март күнү бортунда 239 адам менен учуп чыккан бойдон дайынсыз.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG