Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Крым окуясынын Кыргызстандагы жаңырыгы


"Ата-Журт" партиясы Крым маселесинде Орусияны колдоп чыкты.
"Ата-Журт" партиясы Крым маселесинде Орусияны колдоп чыкты.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько чукул маалымат жыйынын өткөрүп, Крымдагы акыркы окуялар боюнча түшүндүрмө берди.

Мунун алдында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крымдагы референдумдун жыйынтыгын колдоорун кыйыткан билдирүү тараткан.
Оппозициячыл “Ата-Журт” партиясы болсо Крымдын Орусияга кошулушун колдогон билдирүүсүндө кыргыз бийлигин да дал ушундай позицияны карманууга чакырды. Айрым саясатчылар мындай билдирүүлөр Орусиянын басымы астында жасалганын боолголошууда.

"Ата-Журт" Крым маселесинде Орусияны колдоду

Майрамга карабай журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Крымдагы соңку окуялар боюнча кыргызстандыктарга өз өлкөсүнүн позициясын түшүндүрүүнү максат кылган. Элчи Украинанын жаңы бийлиги крымдыктардын коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргоого жөндөмсүз деп атап, аннексияланган аймактын Орусияга кошулушу эл аралык укукка каршы келбегенин билдирди:

- Киевдеги учурдагы бийликти Украинанын бардык эле бөлүктөрү тааныган жок. Крымдын калкы дагы ошондой позицияда. Ошондуктан Крымдын калкы Украинанын ичинде өз тагдырын аныктоого мүмкүнчүлүгү калган жок. Украина болсо өзүнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого жөндөмсүз болуп калды. Мындай кырдаалда Украина 1970-жылы кабыл алынган Эл аралык укуктун принциптери боюнча декларацияга ылайык, калкка басым көрсөтүүнү токтотуп, өз тагдырын аныктоого мүмкүнчүлүк бериши керек болчу. Бирок мындай болгон жок. Ошондуктан крымдыктар өз тагдырын аныктоо үчүн Орусиядан колдоо тапканга аргасыз болду.

Элчи Крым окуясы боюнча Орусия КМШдагы өнөктөштөрү менен кеңешип иш кылып жатканын, мунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, бир нече саясий партиялар менен да сүйлөшүүлөр болгонун ачыктады. Бирок ал сүйлөшүүлөргө катышкан партияларды атоодон баш тартты:

- Өткөн ишембиде жана кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр болду. Мындан сырткары өлкөдөгү бир катар партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдүм. Алар кайсы партиялар экени жашыруун калсын. Бирок жолугушууларда Украинадагы саясий кризисти талкууладык.

Ошону менен катар эле Крутько соңку окуялардан соң Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендиги үчүн коркунуч туудурат деген пикирди четке кагып, өз өлкөсүнүн Советтер Союзунун калыбына келтирүү планы жок экенине ишендирүүгө аракет кылды.

Орус элчисинин билдирүүсүнөн бир күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Крымдагы референдум боюнча билдирүү тараткан. Анда кыргыз тышкы саясат мекемеси Орусия аннексиялаган аймактагы референдумду түздөн-түз тааныбаса да, анын жыйынтыгын колдой турганын кыйыткан.

Билдирүүнүн мазмуну тууралуу ТИМдин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков буларды айтып берди:

- 16-мартта өткөн Крымдагы референдумдун жыйынтыктары автономдуу республиканын калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн эрки экендигин аныктады. Аталган референдумга кандай гана карама-каршы баа берилбесин, бул дагы объективдүү чындык экенин көрсөтүп турат. Кыргыз Республикасы мурдагыдай эле Украинанын мурунку бийлигинин ойлонулбаган иш-аракеттери жана коррупциялангандыгы бүгүнкү күндөгү кризиске жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө алып келди деген пикирде.

Тышкы иштер министрлиги менен катар бейшембиде Крымдагы окуялар тууралуу оппозициячыл “Ата-Журт” партиясы да билдирүү менен чыккан эле. Билдирүүдө партия Крымдын Орусияга кошулушун колдоп, кыргыз бийлигин да дал ушундай позицияны карманууга чакырган болчу.

Эл аралык коомчулукта талаш жаратып жаткан Крым маселеси боюнча удаама-удаа үч билдирүүнүн таратылышы Кыргызстанда бир катар талкууларга жем таштады. Жана буга чейин Украинаны жаңы бийлигин тааныганын жар салган Кыргызстандын Крымдагы референдумдун жыйынтыгы тууралуу жаңы билдирүүсү өз позициясын өзгөрттүбү деген пикирлерге жол ачты. Анткени 11-мартта тышкы иштер министрлиги Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин аракеттерин сындап, жаңы бийликти колдогон билдирүү тараткан болчу.

Орусиянын басымыбы?

Айрым маалыматтар боюнча, 13-мартта Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Карасин Кыргызстандагы Москвадагы элчиси Болот Жунусовду чакырып, билдирүү боюнча нааразылыгын жолдогон.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов кыргыз бийликтери Орусиянын басымы алдында Крым боюнча пикирин өзгөртүүгө мажбур болду деп эсептейт:

- Биздин Тышкы иштер министрлиги менен президентке Украина боюнча биринчи билдирүүдөн соң Орусия өз басымынын күчөттү окшойт. Ошондуктан экинчи билдирүүнү таратканга мажбур болду. Бул бизди тышкы саясатты жүргүзүүдөгү Орусияга көз каранды болгонубуздун белгиси болду.

Ошол эле учурда Абдырахманов Орусия расмий бийлик эле эмес, саясий партияларды да өз таасирине алууга аракет кылып жатат деген пикирде. Буга орус элчиси Андрей Крутьконун бир нече партия менен жолугушуу өткөргөнүн мисал кылган депутат “Ата-Журтун” билдирүүсүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары баалоодо.

Ал эми саясий эксперт Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстан Крым боюнча билдирүүнү өз убагында таратты деген ойдо:

- Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү өз убагында жана туура болду. Анткени БУУнун жобосуна ылайык, ар бир эл референдум аркылуу өз тагдырын чечүүгө акылуу. Ал эми элчиликтин партиялар менен бул маселени талкуулаганында деле чочулай турган нерсе жок. Анткени алар партияны эртеңки бийликке келчү орган, өнөктөш катары таануу аракетин көрүп жатат. Ошондуктан бул жерде эч кандай карама-каршылык жок.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Крым тууралуу өз позициясын билдирген экинчи мамлекет болчу. Буга чейин Казакстан аннексияланган Крымдагы референдумдун жыйынтыгын элдин эрки деп колдогон болчу. Буга Украинанын жаңы бийлиги нааразылыгын билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG