Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Франция Орусия менен аскерий кызматташууну токтотту


Расмий Париж Орусия менен аскерий кызматташуусунун көпчүлүк бөлүгүн токтотту. Бул тууралуу Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриян Эстониядагы сапары учурунда билдирди. Министр анын өлкөсү Польша жана Балтика өлкөлөрүнө НАТОнун аба көзөмөл кызматына кошумча төрт аскер учакты жөнөтүүгө даяр экенин маалымдады.

Жакында АКШ Польшага бир аскер учагын жайгаштырган. Министр Ле Дриян алакаларды үзүү Орусия менен бирге өтүүчү аскердик машыгууларга таасир тийгизет деп кошумчалады. Француз коргоо министринин билдирүүсү Германиянын Экономика министрлиги Орусия менен коргонуу жаатындагы экспортторду токтотконуна туш келди.

XS
SM
MD
LG