Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Грузияда премьердин өлүмүнө байланыштуу патолог кармалды


Грузин расмийлери 2005-жылы табышмактуу жагдайда каза болгон премьер-министр Зураб Жваниянын сөөгүн иликтеген патологду кармашты. Леван Чачуага жума күнү премьер Жвания жана анын досу Раул Юсуповдун денесин иликтөө маалында шалаакылык кетирген деген айып тагылды. Жвания жана Юсуповдун жансыз денелери 2005-жылдын 3-февралында табылган. Эки күн мурда аутопсия учурунда тартылган Жваниянын сөөгүнүн сүрөттөрү чыккан. Аталган сүрөттөрдө Жваниянын денесинде көгала жана башка тактар көрсөтүлгөн. Улуттук Соттук Экспертиза Бюросунун мурдагы жетекчиси Чачуа – экс-премьер Жвания жана Юсупов экөө тең бузук жылыткычтан чыккан көмүр кычкыл газына ууланып өлгөндүгү тууралуу билдирген. Жваниянын үй-бүлөсү иликтөөнүн расмий версиясын сындап келет жана мурдагы премьер атайын өлтүрүлгөн деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG