Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Орусия Крымды өз аймагы катары тааныган келишимди жактырды


Орусия парламентинин жогорку палатасы – Федерация Кенеши Крымды Орусиянын аймагы катары тааныган келишимди жактырды. Ал ортодо Украинанын премьер-министри Брюсселде Европа Биримдиги менен саясий кызматташуу келишимине кол койду. Федерация Кеңешинин келишимди жактырган добушу Крымды аннексиялоо жараянын аягына чыгарды.

Батыш өкмөттөрү аннексияны эл аралык мыйзамдарды бузуу деп, АКШ жана Еврошаркет Москвага каршы санкцияларды кабыл алды. Европа Биримдиги эгер Орусия Украинадагы кырдаалды дагы курчутса, кошумча санкциялар кабыл алынаарын эскертти. Украин премьер-министри Арсений Яценюк Брюсселде Европа Биримдиги менен ассоциация келишиминин саясий аспекттерин камтыган документке кол койду. Виктор Янукович ноябрда аталган келишимге кол коюудан баш тартканы учурдагы саясий кризиске тамызгы болуп берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG