Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Пан Ги Мун Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтоого үндөдү


Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги-Мун Киевдеги сапары учурунда Крым кризисин тынчтык жолу жана БУУнун Хартиясына ылайык жөнгө салыншы керектигин дагы бир ирет баса белгиледи. Баш катчы Украинанын суверендүүлүгүн, биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо менен курч кырдаалды чечүү керектигин айтты.

Пан Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов менен Киевде жолукту. Аны менен бирге Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы орус президенти Владимир Путин менен кечээ Москвада сүйлөшкөн. Пан эки өлкөнү тең бетме-бет жана конcтруктивдүү диалогго чакырды. Ал ошондой эле "Кырдаалды дагы курчуткан билдирүүлөрдөн оолак болуу керек. Дүйнөнүн баары азыр бул жакты карап турган чагы жана кийин тарых бизди баалайт", - деди. Президент Турчинов Украина Орусия Крымды аннексиялап алганын тааныбай турганын билдирди.

Ал ортодо орус президенти Владимир Путин Крымды Орусия Федерациясынын аймагы деп тааныган мыйзамга кол койду.

XS
SM
MD
LG