Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Немис тышкы иштер министри Украинага барат


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер ишемби күнү Украинага барат. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Мартин Шэфер Штайнмайер Орусия Крымды аннексиялоосу тууралуу жаңы украин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Немис тышкы иштер министри Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов жана премьер-министр Арсений Яценюк менен Киевде, андан соң Донецкте шаар бийликтери менен жолугат.

Штайнайер сапар алкагында жаңы өкмөттү орус тектүү азчылыктын кызыкчылыгына кам көрүүгө багытталган саясат жүргүзүүгө үндөйт. Апта башында Германия Орусия менен 100 миллион евролук аскерий келишимди бузган.

XS
SM
MD
LG