Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргыз окумуштуусу эл аралык сыйлыкка татыды


Профессор Кадыралы Коңкобаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. 15-сентябрь, 2009-ж.
Профессор Кадыралы Коңкобаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. 15-сентябрь, 2009-ж.
Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн профессору Кадыралы Коңкобаев “Валех Хажылар” атындагы фонддун “Түрк дүйнөсүнө кызматы үчүн” сыйлыгына татыды.

Коңкобаевге бул сыйлык түркология, кыргыз тил илимине, кыргыз таанууга кошкон салымы жана түрк элдеринин ортосундагы көп жылдардан берки илимий, маданий байланыштарды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Аны 21-мартта аталган университетте өткөн салтанаттуу кечеде фонддун төрагасы Женгиз Алйылмаз тапшырды.

Эл аралык “Валех Хажылар” илимий жана маданий изилдөөлөр корунун баш кеңсеси Тбилисиде жайгашкан. Аталган фонд түрк дүйнөсүнө көрсөтүлгөн кызмат үчүн сыйлыкты акыркы 5 жылдан бери тапшырып келет. (MTo)

XS
SM
MD
LG