Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Кыргызстандык мушкер АКШда жеңишке жетти


Бүгүн АКШнын Лос-Анжелес шаарында бокс боюнча профессионалдык беттеште кыргызстандык Урмат Рыскелдиев атаандашын утуп, жеңишке жетишти. Бул кабарды “Азаттыкка” Урматтын менеджери Жаныш Осмон билдирди.

Урмат Рыскелдиев 24 жашта, 2 жылдан бери АКШда жашап, бокс менен алектенет. Бул жолу 69 кг. салмакта чыгып, америкалык Жамал Паризди упай артыкчылыгында утту. Бул анын профессионалдык бокстагы 3-беттеши. Алгачкысында тең чыгып, экинчисин утуп алган.

“60-70 кыргызстандык мекендештерибиз барып, аябай колдоп беришти. Биздин желектер залдын ар бурчунда желбиреп, сүрөөнчүлөр калпак кийип отурушту. Америкада кыйын спортчулар көп. Алардын арасынан суурулуп чыгуу көп каражатты, көп эмгекти талап кылат. Ошентсе да Урмат жаш, таланттуу жигит. Үмүтүбүздү актайт деп ишенип турабыз”, - деди Осмон. (MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG