Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Израил армиясынын огунан палестиндер набыт болду


Палестинанын коопсуздук күчтөрү израилдик аскерлердин рейди маалында кеминде үч киши мерт болгонун, ага удаа кыжырданган эл менен кагылышуу болгонун билдирет.

Расмий бийликтегилер болсо израилдик аскерлер “Женин” качкындар лагериндеги ХАМАС тобунун согушкерин кармоого барып, ал баш бербей койгондо, аны атып өлтүрүшкөнүн маалымдады.

Ишемби күнү жүздөгөн жаалданган адамдар аскерлерге кол салышкан. Анда эки палестин жигит өлгөнүн бийликтер тастыктады. Израил армиясы азырынча эч нерсе айта элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG