Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү:

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 23-25-мартта күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын жогору температурасына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

24-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы айрым райондордо жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүзү 7…12
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүзү 6…11
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүзү 10…15
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүзү 11…16
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүзү 8…13
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүзү 7…12
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8...-13, күндүзү 0...5 градус болушу күтүлөт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 9…11° жылуу болот

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG