Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Австралия жоголгон "Боингди" табууга үмүттөнүүдө


Премьер-министр Тони Эбботт "Малайзия аба жолдорунун" жоголгон учагын табууга мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун жекшембиде билдирди. Эбботтун мындай билдирүүсү Инди океанынын түштүк бөлүгүндө жоголгон “Боингдин” калдыктары болушу мүмкүн деген Кытайдын спутниги тартып алган сүрөттөр көрсөтүлгөн маалда чыкты.

Учурда эл аралык иликтөөчүлөрдүн топтору Австралиянын Перт шаарынан түштүк-батышка карай эки жарым миң чакырым алыстагы эки райондо издөө иштерин жүргүзүүдө.

8-марттан бери Куала-Лумпур шаарынан Бээжинге учуп чыккан учак табыла элек. "Боинг-777" учагынын ичинде 239 киши болгон.

XS
SM
MD
LG