Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өттү


17-марттан 20-мартка чейин Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Жолугушууда картографиялык жана башка материалдар каралды. Эки өлкөнүн чек арасындагы талаш жаратпаган тилкелер боюнча кол коюу сүйлөшүлдү.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү быйыл 20-январда кайра уланган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320сы толук тактала элек. Эки өлкө ортосундагы өкмөттүк келишимде көрсөтүлгөн 15 чек ара бекети бар. Бирок учурда 3 темир жол бекети ачык турса, жарандар өтчү бекеттердин дээрлик баарына Өзбекстан бир тараптуу чектөө киргизген. (BkA)

XS
SM
MD
LG