Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Бишкекте Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Бүгүнкү жараянда мурдагы президент Курманбек Бакиевге жаңы адвокат дайындалды. Буга чейинки Бакиевдин адвокаты аны коргоодон баш тарткан болчу. Жамансариев кошумчалагандай, эртеңки жараянда 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы боюнча материалдар каралат. Анткени 2002-жылы Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турганына байланыштуу буга чейин Аксы окуясы боюнча тергөө материалдары Апрел жараянына кошумча тиркелген.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган. Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган.

Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG