Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

УОК коалициялык өкмөттү курууга катышпайт


Улуттук оппозициялык кыймыл коалициялык өкмөттү түзүүгө катышпайт. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, коалициялык өкмөттү түзүүдө оппозициялык кыймылдын айрым мүчөлөрүнө бейрасмий түрдө кызмат сунушталууда. Кыймыл муну оппозицияны бириндетип, алсыздандыруу катары баалап, сунушталган кызмат орундарына барбоону чечти. Жээнбеков кимдерге кандай кызмат сунушталганын тактаган жок.

Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын башкаруучу коалициядан чыккандыгы себеп болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG