Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

"Чоң Жети" Крым аннексиясын талкуулайт


"Чоң Жети" өлкөлөрүнүн жетекчилери дүйшөмбүдө Крымды аннексиялап алган Орусияга кошумча чараларды талкуулайт. Аталган жыйын Голландиядагы өзөктүк саммиттин алкагында өтөт. АКШ жана Европа Биримдиги орус президенти Владимир Путинге жакын расмийлерге виза чектөөлөрүн киргизип, алардын мүлкүн камакка алган. Германиянын каржы министри Вольфганг Шойбле кечээ Крым кризинин курчутпоо максатында Еврошаркет бирдиктүү экономикалык санкцияларды киргизүүгө даяр экенин кабарлаган. Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов өз кезегинде Москва "орус-украин чек арасындагы аскерлердин саны эл аралык келишимдерди бузбайт" деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG