Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Крымдын айрым жерлеринде электр жок


Крымдын айрым жерлеринде жекшембиден бери электр жок. Жергиликтүү электр бөлүштүрүүчү ишкана "энергия Украинадан келчү зымдагы техникалык мүчүлүштүктөн улам үзгүлтүккө учурап жатат" деди. Жарым аралдын тургундары Крымдын бир нече шаарында, анын ичинде борбор калаа Симферополдо, электр кубаты дале жок деп билдиришти.

"КрымЭнерго" ишканасынын билдиргенине караганда, "УкрЭнерго" улуттук компаниясындагы оңдоо иштерине байланыштуу Крымга жарык берүү чектелүүдө. "УкрЭнерго" бул маселе боюнча үн каткан жок.

Суу, электр кубаты жана азык-түлүк Крымга Украинадан келет. Крымдын орусиячыл расмийи Рустам Темиргалиев электр энергиясын чектөөнү Киевдин "шантажы" деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG